НТС

Үч эмдин ата-энеси турак жайга муктаж (видео)

Кырк күн мурда Бишкекте жарыкка келген үч эмдин ата-энеси турак жайга муктаж. Туруктуу жашай турган жери болбогондуктан наристелер учурда тайэнесинин үйүндө багылууда.

Бирок жаңы төрөлгөн балдар үчүн ал жер дагы ыңгайсыз болууда. Чүрпөлөр шарты бар үйдө багылбаса, ансызда төрөлгөндөн кийин операция болгон үч эмдин кенжесинин саламаттыгы ого бетер оорлоп кетиши мүмкүн.