Экс-министр Космосбек Чолпонбаев камалды (видео)

2249

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге карата дагы бир кылмыш иши ачылышы кабарланууда. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өздүк булактар билдиришти. Чолпонбаев «шалаакылыкка» жана «кызматынан кыянаттык менен пайдаланган» деп айыпталып жатат.

Финполициянын берген маалыматына ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консултациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзгөн. Анын кесепетинен өлкө бюджетине 9 миллион сом зыян келтирилген.