“Кара пиар” кимдерге керек болууда? (видео)

1633

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана анын тарапташтарын атайылап каралоо башталганы байкалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев билдирип чыкты. Парламентарийдин айтымында, ал 9 жыл мурда Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусуна добуш берген эмес.

Ал боюнча расмий протокол да сакталып калган. Бирок учурда тарап жаткан тасмаларда депутат каршы позициясын билдиргени көрсөтүлүп калган. Мындай көрүнүш башка депутаттар менен да кайталанууда.