Юрист Тажикстанды сотко берди (видео)

3178

Юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотуна Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган агрессиясына баа берүү өтүнүчү менен кайрылды. Анда Кыргызстандын калкына каршы согуш кылмыштарын жасаган факты боюнча тергөө баштоого негиздер келтирилип, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан каза болгондор, кыйноого кабылгандар, жабыркагандар тууралуу маалыматтар берилген.
29-апрелде Тажикстан Баткен областынын айылдарына куралдуу чабуул жасап, андан Кыргызстанды 36 жараны каза болгон. Эки жүздөй киши жабыркаган. Жарат алгандардын экөө дагы деле ооруканада.