НТС

Үй шартында медициналык каражаттарды жасоо ыкмалары (видео)

Учурда тартыш болуп жаткан бет кап жана антисептикалык каражаттар менен камсыздоого жөнөкөй жарандар да көмөктөшө баштады. Үй шартында маска кантип жасала турганы боюнча көптөгөн кен-кеңештер берилип жатат.

Мисалы, беткаптарды жалгыз гана марля эмес, пахта, сатин сыяктуу кездемелерден өз алдынча тигип алса болот. Анткени мындай түрү жууп тазалап, кайра колдоно берүүгө да жарайт. Ошондой эле, антисептикалык каражаттарды үй шартында даярдоонун бир нече ыкмалары сунушталууда.