Жер басып алуу аракеттери башталдыбы? (видео)

1234

Чүй областынын Аламүдүн районунун Мыкан айылында айыл-чарба багытындагы жерлерди басып алуу аракети катталды. Бүгүн таң эрте болжолдуу 100-150 киши аталган айылдын кире беришинде жайгашкан жерге келип, тилкелерди бөлө башташкан.
Баарынан кызыгы, алар бул аракетке эмне үчүн баратканын жакшылап да түшүндүрө алышкан эмес. Болгону алардын турак-жайлары жок экенин жана ал жерлер кайсы бир саясатчыга тиешелүү дегенди уккандан кийин өз алдынча ээлеп алууну чечишиптир.