НТС

УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады

Кыргызстандын 20 жаштагы жараны өткөн жылы Сирияда диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп келгени аныкталган. Ал машыккан соң, террордук жашыруун уюм түзүү үчүн Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Анын жашаган жерин тинтүү учурунда кесилген курал табылган. 20 жаштагы жаранга бир нече беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.