НТС

УКМК: Өлгөн адамдын атына паспорт жасагандар аныкталды

Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө караганда, мындай ишке Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери барган.

Маалыматтар боюнча, 1990-жылы туулган жана кийин көзү өтүп, каза болгондордун тизмесинде катталган жарандын мамлекеттик чек арадан бир нече жолу кирип-чыкканы такталган. Акыркы жолу былтыр 31-декабрда “Чалдовар-Автожол” өткөрмө бекетинен маркумдун документин пайдаланып өтүүгө аракет кылган жаран чек арачылар тарабынан кармалган. Ал бул паспортту 2015-жылдан бери колдонуп келгенин айткан.

Тергөө учурунда, аталган бөлүмдүн кызматкерлери «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып», жалпы жарандык паспортту жасамалашканы аныкталган. Учурда тиешелүү кызматкерлерге жана маркумдун паспортун көтөрүп жүргөн адамга карата тергөөнүн материалдары кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө жүрүүдө.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.