Кытайда коронавирусту жуктургандардын саны 77 миңден ашты

2441

Иранда коронавирустан улам 8 адам каза болгону маалым болду. Дагы 15 адамга оору жукканы аныкталды. Буга байланыштуу Түркия оорунун алдын алуу чараларын күчөтүп, Иран менен чек араны убактылуу жапты. Бул чаралар Нооруздун алдында Иран тараптан Түркияга агылган туристтерди токтотуу үчүн жасалган.

Дагы бир коңшусу Афганистан Иран менен болгон аба жана кара жол каттамдарын убактылуу токтотту. Ал эми Кытайдын өзүндө абал оор бойдон калууда. Бүгүнкү күнгө карата, коронавирус жуктургандардын саны 77 миң 150 адамга жетип, алардын ичинен 2592 адам каза болду.

Акыркы суткада Кытайда коронавирус жуктурган 409 жаңы учур катталса, 1846 адам ооруканадан чыгарылды. Кыргызстан да Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын токтоткон. Ошондой эле, кошуна өлкөнүн жарандарына виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Бирок бул убактылуу гана чара экени айтылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.