№5 бала бакчада жарым млн. сом мыйзамсыз менчиктелип кеткени аныкталды

2739

Бишкектеги №5 бала бакчада жарым миллион сом мыйзамсыз менчиктелип кеткени аныкталып, ага мекеме жетекчиси шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ага ылайык, мыйзам бузуулар аталган мекемени Биринчи Май райондук прокуратурасы текшерип жаткан учурда белгилүү болгон. 2017-2019-жылдар аралыгында директор ата-энелер төлөгөн акчанын ичинен 396 миң сомун менчиктеген.

Мындан тышкары, кайсы бир кызматкерге 156 миң сом айлык төлөгөнү аныкталган. Иликтөө учурунда ал директордун бир тууганы экени жана ал бакчада эч качан иштебегени билинген.

Ошондой эле, 23 бөбөк электрондук кезексиз эле бакчага алынганы, алардын ата-энеси акчаны касса аркылуу эмес, тарбиячылардын колуна берип жүргөн. Ал каражаттар райондук билим берүү борборуна түшкөн эмес. Бул боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.