Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кайрылуу таратты

3277

Кримтөбөл Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу боюнча атайын операция уюштуруу аракети болгонун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ырастады. Анын бул тууралуу абактан жазган билдирүүсүн адвокаты интернетке жарыялады.

Алмазбек Атамбаев жазды делген катта, 2010-жылкы апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн 2012-жылы Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда бошотулганын баяндаган. Бул операцияны УКМКнын ошол кездеги төрагасы жетектептир. Бирок ал ишке ашпай калган, дейт мурдагы президент.

Мындан 4 жыл мурда Жогорку сот апрель окуясы боюча сот ишине чекит койгон эле. Анда фемида өкүлдөрүнүн чечими менен мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал эми Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык сотунун 14-августта кабыл алган чечими менен Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы үчүн 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган.

Анын адвокаты тараткан маалыматка таянсак, бүгүн Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө изоляторунан №1 тергөө абагына которулат. Андан соң №47 түзөтүү колониясындагы ооруканага жаткырылышы мүмкүн экен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.