Пара талап кылууга шектелген УКМКнын кызматкери жумушунан бошотулду

4271

Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. Маалыматка ылайык, ага карата кылмыш иши козголуп, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финполиция менен УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы кылмышка шектүүнү бир жума мурда колго түшүргөн. Ал 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталып, анын жыйынтыгында УКМКнын кызматкери атайын органдын беделин түшүргөндүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынан бошотулган.

Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштү Финполициянын тергөө органдары жүргүзүүдө. Кылмыш иши Башкы прокуратура, УКМК жана Финполициянын жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.