Футбол: Талаага чуркап чыккан күйөрман үчүн эскертүү берилди

3658

Эл аралык футбол федерациясы Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде талаага чуркап чыккан күйөрман үчүн футбол федерациясына кат түрүндө эскертүү берди. Бул жолу Кыргызстан ири суммадагы штрафка жыгылган жок. Тартип комитетинин мындай жеңил жаза колдонушуна бир нече факторлор себеп болгон. Комиссар жана коопсуздук офицери Кыргызстан менен Мьянманын мелдешинин уюштурулушу боюнча отчётунда жакшы пикирлерин билдиришкен.

Ошондой эле биздин өлкө 14-19-ноябрда өткөн ири мелдештерге мыкты даярдык көргөнү белгиленген. Муну менен катар эле футбол федерациясы талаага чуркап чыккан күйөрман үчүн катуу чараларды көрбөөнү да өтүнгөн. Булардын баарын эске алуу менен тартип комитети мындай окуялар кайра кайталанбасын деп кат түрүндө эскертүү берүү менен чектелди. Кыргызстан эл аралык федерациянын каарына калган бул биринчи окуя.

Мындан 4 жыл мурда ушуга окшогон окуя болгон. Анда Кыргызстан-Австралия беттешинен кийин FIFA биздин футбол федерацияга 3 дисциплинардык эреже бузганы үчүн 28 миң доллар айып салган. Буга файердин жагылышы, күйөрмандын оюн талаасына чуркап чыгышы жана стадионго кирген элдин чектен ашып, трибунага батпай калышы себеп болгон. Анда батпай калгандар стадиондун айланасындагы бак-даракка да чыгып алышкан эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.