Бишкекте акысыз муз тебүүчү жай ачылды (видео)

2676

Эми каалоочулар «Жаштар» сейил багында жайгашкан муз аянтчасына өздөрүнүн конькилерин ала барышып, бекер муз тебе алышат.

Андан сырткары конькилерди ижарага да алса болот экен. Муз тебүүдө тажрыйбасы жокторду машыктыруучулар үйрөтөт. Алардын кызматтары да акысыз.