Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан кимдер барат? (видео)

1838

Түркияда өтө турган Көчмөндөрдүн 4-дүйнөлүк оюндарына Салбуурун федерациясы катышпай калышы мүмкүн. Уюмдун жетекчиси Алмазбек Акунов улуттук оюндардын бул түрлөрү тизмеге кирбей калганын айтып, нараазы болууда.

Бирок Дене тарбия жана спорт агенттиги мындай дооматтарды четке кагууда. Бул боюнча маселе 3-мартта гана каралат экен. Ал күнү Түркияда уюштуруу комитетинин алгачкы жыйыны өткөрүлөт. Ири эл аралык иш-чарага Кыргызстандан канча адам катышат жана алардын даярдыгы кандай?