Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 68 учур катталды

6600

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 662 адамга жетти.

«Катталган жаңы учурдун ичинен Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда — 5, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда — 1, Нарын облусунда — 4 учур бар. Ошондой эле 26 учур Россиядан келген курсанттардан табылса, дагы 21 учур Россиядан келгендерден аныкталды, алардын ичинен 11 боюнда бар аялдар, 10 студент», — деп түшүндүрдү Үсөнбаев.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.