Мөңгүлөрдүн тегерегинде кайрадан талаш-тартыш (видео)

4533

Кумтөр алтын кенинин тегерегинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн калган бөлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк барбы? “Ата-Мекен” фракциясынын отурумунда дал ушул суроо бир топ талаш-тартышты жаратты. Экологдор көп жылдык ак кар, көк музду сактап калуу үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун тезинен кабыл алуу зарыл дешет.

Бирок айрым депутаттар ал документтен аталган алтын кенде жайгашкан мөңгүлөрдү алып салуу керек деп чыгышты. Болбосо чет элдик компаниянын иши токтоп калат экен. Бир убакта демилгеленип, бирок артка кайтарылган документтин тагдыры бул сапар кандай болот?