Бишкекте 97 мектептин иши кайрадан жанданды (видео)

1021

Бишкек шаарындагы 97 мектептин иши кайрадан жандана баштады. Азырынча 1-5-9 жана 11-класстын окуучулары гана билим берүү мекемелерине барып окуй алышат. Эгерде эпидемиологиялык абал курчубаса, 1-февралдан баштап башка класстарды дагы окутуу салттуу түргө өтүшү мүмкүн.

Ал эми балдарын мектепке жибергилери келбегендерге сабактар онлайн түрүндө эле өтүлө берет. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөнүн кээ бир аймактарындагы мектептерге толугу менен иштөөсүнө уруксаат берилген. Ал эми Бишкек шаары болсо эпидемиологиялык жактан кооптуу делип билим берүүчү жайлар ачылбай келген.