Бишкекте бир адамдын 1,5 млн сом акчасын алдап тартып алган кыз кармалды

11943

Бишкекте бир адамдын 1 миллион 615 миң сом акчасын алдап тартып алган деген шек менен 19 жаштагы кыз кармалып, эки айга №1 тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук милициясы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 8-июнда милицияга жергиликтүү тургун кайрылып, өзүн “Форекс” деген биржалык компаниянын өкүлү катары тааныштырган эки адам келечекте кирешенин 40-50 пайызын төлөп беребиз деген убада менен 1 миллион 615 миң сомун алып, дайынсыз кеткени тууралуу арыз жазган.

Арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Алдамчылык” беренесинин негизинде каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды. Милиция ушул эле иш боюнча 35 адамдан арыз түшкөнүн, келтирилген акчалай зыяндын суммасы тактала баштаганын билдирди.