Кыргызстан — Япония 0:2 (видео)

2324

Кыргызстан менен Япониянын курама командаларынын беттеши 2:0 менен аяктап, Акшумкарлар жеңилүү ызасын тартып калышты. 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагындагы мелдеш жыйынтыкталды. Оюндун биринчи бөлүгүндө оюн эрежеси бузулду деген жүйөө менен самурайларга пенальти тебүү мүмкүнчүлүгү берилди. Анда япон тайпасынын футболчусу Такуми Минамино айып тобун тээп киргизип, командасына бир упай алып келди.

Ушундай эле көрүнүш оюндун экинчи бөлүгүндө да кайталанып, конокторго 11 метрликтен топ тебүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, япониялык футболчу Генки Харагучи аны колдон чыгарган жок.

Эске салсак, оюн 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өткөрүлдү. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Япония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.