Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти

2294

Кыргызстанда 2020-жылдын 30-мартына карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Коронавирус жуктурган жаңы учурлар Жалал-Абад облусунда аныкталган.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен 49 адам Жалал-Абад облусунда, 31и Ош облусунда, эки адам Ош шаарында, бири Баткен облусунда, Чүй облусунда эки, Бишкек шаарында сегиз жана Нарын облусунда бир адам катталды.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.