Кыргызстанда коронавирустун 10 жаңы учуру катталды (видео)

1607

Муну менен өлкөдө жаңы типтеги вирусту жугузуп алгандардын саны 94кө жетти. Аталган илдеттин алдын алуу боюнча Республикалык штабдан билдиришкендей, аныкталган бейтаптардын баары Жалал-Абад областынын тургундары.

29-мартта өлкө боюнча 26 адамдан коронавирус илдети табылган болчу. Алардын 13ү — Жалал-Абад, алтоо — Оштон, төртөө — Бишкек шаарында болсо, Чүй областынын 2 жашоочусу да коронавирус жугузуп алганы аныкталган. Жаңы типтеги вирус Нарын областында да катталды.