Милиция кызматкерлерине кыйноо фактысы боюнча иш козголду (видео)

8626

Ырчы Мирбек Атабековдун апасын тоноду деп шектелип жаткан адамды кыйноого алуу боюнча милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти. Тиешелүү иш кылмыштардын жана жоруктардын реестрине «Кыйноо» беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. Эске салсак, быйыл май айында ырчы Атабековдун апасынын Бишкектеги үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, акчасын тоноп кетишкен.

Ага шектүү деп 24 жаштагы Медет Бейшеков кармалган. Бирок анын жакындары үй тонолду делген күнү ал Каракол шаарында досунун тоюнда жүргөнүн айтышууда. Аны күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн тартип сакчылары катуу кыйнашканын билдирип келишет.