НТС

Военно-Антоновкада эки жөө адамды машина сүзүп кетти

Чүй областынын Военно-Антоновка айылында эки жөө адамды машина сүзүп каза болушту. Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Мерседес үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып эки кишини сүзгөн. Анын кесепетинен, 29 жана 30 жаштагы дос балдар окуя болгон жерде набыт кеткен.

Учурда кырсыктын чоо жайы иликтенип жатат. Авариялардын көбөйүшү тууралуу маселе бүгүн парламенттин отурумунда да көтөрүлдү. Депутаттар 30-ноябрда жол кырсыктары боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү сунушташты.