Референдумда добуш бере турган жарандардын тизмеси аныкталды (видео)

1917

11-апрелге белгиленген референдумда добуш бере турган жарандардын тизмеси анык болду tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жарыяланган маалыматка ылайык, шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 606 мин 201 адамды түзөт.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн добуш бере тургандар 300 миңге азыраак. Ал күнү 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 30 пайызы добуш берген учурда референдум өттү деп эсептелет.