Шайлоо: мыйзам бузуу фактылары боюнча онлайн арызданса болот (видео)

1933

Өлкөдө «Тандоо Инфо» элдик порталы ишке киргизилди. Анын негизги максаты -жарандардын мамлекетти башкарууга катышуу укугун толук көлөмдө жүзөгө ашыруу. Тактап айтканда, ар бир жаран шайлоо күнүндө мыйзам, эреже бузууларга күбө болуп калса, тиешелүү маалыматтык порталдын онлайн-аянтчасына жайгаштырууга укуктуу.

Өз кезегинде анда чогулган фактылар Боршайкомго, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине жана УКМКга берилип турат. Демилгечилердин айтымында, мындай кадам менен шайлоону таза, ачык жана калыс өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.