582

Ысык-Көл облусунда 26 жаштагы жаран педофилияга шектелип кармалды

педофилия
Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун 26 жаштагы тургуну педофилияга шектелип кармалды. Областтык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 10 жашар балага карата сексуалдык зомбулук кылууга аракет жасалгандыгы тууралуу кабар милицияга кечээ түшкөн.

Ага ылайык, 2-август күнү баланын атасы кылмышка шектелип жаткан айылдашы менен айдоо жерлерин сугарган. Кечки саат тогуздарда кайтып келе жатышып, унаанын дөңгөлөгү жарылып калган. Жабырлануучунун атасы аны желимдетүү үчүн башка машинага түшүп кеткен. Кылмышка шектүү адам баланы үйүнө алып келип, бирок кайра жардамдашып койсун деп баланы энесинен сурап кеткен. Жолдо баратканда ал адам жаш балага карата сексулдык зомбулук көрсөтүүгө аракет жасаган.

Баланын ата-энеси айылдашына каршы азыр жазуудан баш тартты. Бирок милиция “жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети” беренеси менен мылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармады.