913

Ысык-Көлдө жээкке унаасы менен кирген адамга айып пул салынды

2
Интернетке көл жээгинен өтүп сууга кирип барган автоунаалар тартылган тасмалар пайда болду. Анын биринде, Audi үлгүсүндөгү автоунаа көл үстүндө токтоп турат. Ал эми экинчисинде айдоочунун Subaru машинасын сууга токтотуп койгонун көрүүгө болот. Ал эми ээлери жээкте эс алып жатышкан.

Мындан тышкары, автоунаалардын пляжка чейин кирип барган учурлары да көбөйүүдө. Жакында эле жол тандабастын көл үстүндө токтоп турганы тартылган видео тараган. Тартип сакчылары ал автоунааны таап, ээсин миң сом айып пул төлөтүшкөн. Ал Казакстандан келген 43 жаштагы эс алуучу болуп чыккан.