Көмүр кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан Украинанын жараны каза болду

7891

Ошто украиналык жаран каза тапты. Дагы бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Каргаша 10-мартта Өзгөн районунун Саламалик айыл аймагына караштуу Беш-Терек жайлоосунда болгон.

Украиналык эки жаран ал жерде көмүр кенин чалгындап жаткан. Ошол убакта шахтанын ичиндеги темирден жасалган тирегичтер топурак, таш менен кошо кулап түшкөн. Ал жерде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткандар урандынын астында калган.

Каза болгон 41 жаштагы адамдын сөөгү Ош шаарына жөнөтүлдү. Ал эми бутунан жаракат алган 44 жаштагы экинчи чет өлкөлүк жаран учурда Өзгөн райондук ооруканасында жатат. Азыркы тапта окуянын чоо-жайын милиция териштирип жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.