Баткенде сел жүрүп, оңдолгон алты көпүрөнү жараксыз абалга алып келди

8881

26-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрүп, жаңыдан оңдолгон алты көпүрөнү агызып кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен жүргөн сел райондун Орозбеков айыл өкмөтүндө Охна сел өтүүчү сайындагы бир нече күн мурун, 24-июлда калыбына келтирилген алты көпүрөнү бузуп кетти. Азырынча селден адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок. ӨКМ кошумча кабар берерин билдирүүдө.

Жергиликтүү элдин маалымдашынча селден эгин талаалары жабыркаган. Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбек Канаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сел аймактагы Гайрат жана Кескин-Таш айылдарында эгин талааларын жууп, турак үйлөрдү каптаган. Тамаша, Кызыл-Булак жана Лангар айылдарында жолдорго зыян келтирген, автоунаа кыймылы токтогон.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.