Барабанда кол ойноткон жапон музыканттары, дзюдо, йайдо боюнча спорт чеберлеринин мастер класстары. Мунун баардыгы Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болуп өттү.
Иш чара Кыргызстандагы Япония элчилиги тарабынан уюштурулуп, ал Каракол шаарынын 150 жылдыгына арналган.