Шаар ичиндеги коомдук транспорт 25-майдан тартып ишке киришет

4045

21-майдан тарта Бишкектеги соода борборлору ишке кирет. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Бирок азырынча соода борборундагы жаш балдар ойноочу жайлар жабык бойдон калат. Республикалык штабдын планына ылайык, калкты тейлөө борборлорунун, тиричилик кызматын көрсөткөн жайлардын иши жанданат. Андан сырткары унаа жана мал базарлары ишке кирет. Мейманка, мончо жана спа-борборлорунун иштөөсүнө уруксат берилди, бирок азырынча фитнес клуб жана бассейиндер жабык бойдон калат.

Ал эми 25-майдан тартып кийим-кечек саткан базарлар ишке кирет. Аны менен бирге борбор калаадагы кафе-ресторандардын да иши жанданат. Бирок столдордун ортосунда аралыкты так сактоо эрежесин эске алуу зарыл, деди Боронов. Кыргызстанда шаар ичиндеги коомдук транспортко да уруксат 25-майда берилет. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар ишке кирише баштаса болот. Бирок уруксат шаар ичинде каттагандарга гана берилет.

Ошондой элн, ишке кирген бардык соода жайлары санитардык талаптарды аткаруу керек экени эскертилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.