НТС

Ысык-Көлдөгү жол кырсыгын иликтөө көп суроолорду жаратты (видео)

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши авария болгондон кийин бир айдан сон гана ачылды. Эскерте кетсек, 30-июль күнү кесиптешибиз Айбек Айтбаев Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгына кабылып каза болгон. Журналисттин атасынын айтымында, жергиликтүү тартип сакчылары иштин материалдары менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Муну менен тергөөчүлөр мыйзамды бузуп жатат, дешет юристтер. Бул ишти тергеген адис белгисиз себептер менен ички иштер кызматынан кеткен. Эң кызыгы, 2 айдан бери жол кырсыгы боюнча адистердин эксперттик корутундусу чыкпаганында.