487

Өзгөн шаарында ири соода-түйүнү күйүп кетти

5
Бүгүнкүгө караган түнү Ош областынын Өзгөн шаарында дагы бир ири өрт чыгып, анда чоң соода-түйүнү күйүп кетти. Супермаркеттен чыккан өрт анын жанында жайгашкан 2 үйдү да каптаган. Кырсык болгон жерге 3 өрт өчүрүү жана тез жардам унаалары чакырылган. Көп өтпөй жалын толугу менен өчүрүлгөн. Бактыга жараша кырсыктан жапа чеккендер жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Эске салсак, 29-июлда таңкы саат 5терде Өзгөндүн борбордук базарын ири өрт каптап, анын кесепетинен 300гө жакын контейнер күйүп кеткен. Анда өрт өчүрүү кызматынын бир куткаруучусу иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилген. Маалыматтар боюнча, базардын 2 миң чарчы метр аянты күйүп кеткен.