98

Өзгөндөгү базарда өрт чыгып, анын кесепетинен 300гө жакын контейнер күйүп кетти

2
Ош областынын Өзгөн шаарындагы базарда ири өрт чыгып, анын кесепетинен 300гө жакын контейнер күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине караганда, соода күркөлөрүнүн бир бөлүгү толугу менен күйсө, калганы жарым-жартылай жабыркаган. Мындан тышкары, өрт өчүрүү кызматынын куткаруучусу иске ууланып, райондук ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

Маалыматтарга караганда, борбордук базардагы өрт саат эртең мененки 5ке жакын чыккан. Тилсиз жоону жоюуга өрт өчүрүүчүлөрдүн 7 тобу тартылган. Саат 8ге чейин өрт өчүрүүчүлөр өрттүн жайылып кетпөөсүн камсыздашып, ал эми 11:30 гана өрт толугу менен өчүрүлгөн. Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2 миң чарчы метр тилке күйүп кеткен.