218

Жөнөкөй тургундан акча опузалаган деген тергөөчү айып пул менен кутулмай болду

молоток судебный
Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн аты ачыкталбаган тергөөчүсү быйыл март айында «бейбаштык» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн айыпталуучудан 40 миң сом талап кылган. Ал акчаны алып жатканда колго түшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө бул адам ошол эле кылмыш иши боюнча айыпталган башка дагы эки кишинин ата-энелеринен 30 миң сом алганы аныкталган.

Андан тышкары, тергөөчү айыпталуучулардан акча керек болгон учурда 5-10 миң сомдон талап кылып, автоунаасын айдатып, майрамдарда кой сойдуруп чардап жүргөнү ачыкталган. Мындан улам, экинчи тарап экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына арыз менен кайрылууга аргасыз болот. Соттун чечими менен тергөөчү мамлекетке 4 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди.