66

Жаңы муун көп тил билиши керек


Мектеп окуучуларына үч тилди үйрөтүү аракеттери башталды. Мындай демилгени өткөн жылы “Республика-Ата Журт” фракциясы көтөрүп, бул багытта мыйзам долбоору даярдалган. Келечек муундун жок дегенде 3 тилди билүүсүн камсыз кылуу боюнча стратегиялык план да жарыяланган. Мындай демилгени чет өлкөлөрдө билим алып келген, дасыккан эксперттер дагы колдошот. Алардын айтымында, жаш муунду көп тилди билүүгө тарбиялоо – замандын талабы.