822

Жогорку аттестациялык комиссиясынын түзүлгөнүнө 25 жыл болду

BOX_VAK_25_LET_3006_0057.mpg_20170630151834
Бул мааракеге карата бүгүн мекеменин имаратында илимий конференция уюштурулуп, ага өкмөт, Жогорку Кеңеш жана башка министрлик-мекемелердин өкүлдөрү катышып, өлкөнүн илимий адамдарын кесиптик майрамы менен куттукташты. Бүгүнкү күнгө чейин комиссия беш миңден ашуун илимдин докторлорун, кандидаттарын аттестациядан өткөрүп, өзүнчө басылмага каттап келет. 25 жылдык юбилейге карата “Кыргыз Республикасынын илими – жүздөрдө” аттуу китептин экинчи тому даярдалууда. Бул басылмага 2004-жылы чыккан биринчи томго кирбей калган окумуштуулар камтылат. Өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаевага да медицина илимдеринин доктору диплому ушул залда берилген.