449

Жол кырсыгында НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев каза болду

Айбек
Ысык-Көл областынын Сары-Ой айылында катталган автокырсыкта НТС телеканалынын журналисти Айбек Айтбаев каза тапты. Кырсык кечээ күнү эртең менен саат 5тер чамасында катталган. Анда Субару үлгүсүндөгү 2 унаа кагышып, Айбек башкарып бараткан машина катуу мыйрыйып калгандыктан, маркумдун сөөгүн 1 сааттан кийин гана чыгарууга мүмкүн болгон.

Айбек Айтбаев НТС телеканалында 1 жылга жакын убакыт штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеген. Октябрь айында ал 23 жашка чыкмак. НТС каналынын жамааты, кесиптешибиз Айбек Айтбаевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт.