61

Зыяратчылардын алгачкы тобу ажылык сапарга аттанды


Кыргызстанда зыяратчылардын алгачкы тобу ажылык сапарга аттанышты. Бүгүн таңкы саат беште Медина шаарына 305 мекендешибиз багыт алды. Быйыл жалпысынан 15 каттам жүргүзүлүп, Кыргызстандан 4585 адам мусулмандык парзын аткарууга барат. Бул жылкы ажылык сапардын өзгөчөлүгү – ар бир зыяратчыга электрондук чиптен турган билериктер таратылды. Анда ар бир адам тууралуу жеке маалыматтар камтылган.