422

Зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына 7-августта жөнөп кетет

ХАДЖ
Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Арабиясына 7-августта жөнөп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Муфтият кабарлагандай, зыяратка барчулардын алгачкы тобу визаларын алышкан. 3 авиакаттам Бишкектен учса, Ош шаарынан 12 рейс жасалмакчы. Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы быйыл Кыргызстанга 4 585 ажылык орун бөлүп берген.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги зыяратка барчулардын дээрлик баары менингит жана сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүшкөнүн билдирген болчу. Быйыл ажылык сапардын баасы жалпы чыгымдарды эсептегенде бир адам үчүн 2 600 долларга барабар.