1,5 жашар кызды 18 жаштагы жигит зордуктады деп шектелүүдө (видео)

1170

1,5 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деген шек менен кармалган 18 жаштагы бала тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматтар боюнча, 3 күн мурда калаа тургуну аны менен бирге иштешкен бала 2ге чыга элек кызын зордуктаганын айтып милицияга кайрылган. Ыкчам топ жерине барып, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы баланы кармаган. Соттун чечими менен ал эки айга камакка алынды. Бирок азырынча медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ал арада, шектүүнү курулай жалаа менен камап салышты, дешет кошуналары. Алардын айтымында, чыр акча талашуудан келип чыгышы мүмкүн.