1,5 жаштагы наристени зордуктоого аракет кылган деп шектелген адам камакка алынды

770

Бишкекте бир жарым жаштагы наристени зордуктоого аракет кылган деп шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Өткөн жумада борбор калаада 18 жаштагы бала ымыркайга ыплас аракет жасаган деген күнөө менен колго түшкөн. Кылмышка шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды.