1-6-класстардын окуучулары 6-октябрдан тартып окуусун мектептерде улантышат

5524

Мындай чечим 30-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, анда 6-октябрдан тартып 1-6-класстын окуучуларын мектептерде окутуу боюнча санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо алгоритми иштелип чыкты. Ага ылайык, мектептерде балдар менен катар эле мугалимдердин да дене табы өлчөнөт, бет кап кийүү милдеттүү болот. Мындан тышкары кызматкерлер үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу, аларда коронавирустун белгилеринин бар-жогу жөнүндө анкета толтурушат.

Мектептер балдар келгенге чейин дезинфекцияланууга тийиш. Анда пайдаланылуучу каражаттардын концентрациясы белгиленген өлчөмдөн ашпашы керек. Класстар желдетилип турушу зарыл. Окуучулардын жана мугалимдердин ден соолугун медицина кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Окуучулар аралыкты сактоо менен отургузулат. Балдар колдорун бат-бат жууп турушу үчүн тиешелүү каражаттар менен камсыз кылынат. Муну менен катар мектептерде түрдүү иш-чаларды өткөрүүгө, ата-энелердин жана башка жарандардын киришине уруксат жок.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы окуу жылында мектептерден окууга 1-класстарга гана уруксат берилип, башка класстар аралыктан окутуу форматында калтырылган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.