1-июндан тарта унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берилет (видео)

1970

1-июндан баштап автоунааларынын каптал айнектерин караңгылатууну каалагандар «Унаа» мамлекеттик мекемесине кайрылып уруксат кагазын алса болот. Ал үчүн жарандар 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин акча каражатын мамлекеттин эсебине төгүшү керек.

Күңүрттөөгө уруксат кагазы 1 жылдык мөөнөткө берилет. Учурда каалоочулар тиешелүү органга кайрылып, караңгылатуу боюнча маалымматтарды алышууда.