1-класска кабыл алуу эми интернет аркылуу жүргүзүлөт (видео)

1706

Балдарды биринчи класска кабыл алуу эми «электрондук кезек» аркылуу гана жүргүзүлө баштайт. Автоматташтырылган маалыматтык портал 15 февралдан тарта иштей баштайт. Долбоор сыноо тартибинде алгач Бишкек шаарында башталып, эки этап менен өткөрүлөт. Андан соң гана өлкөнүн бүткүл аймагына жайылтылат.

Акыркы жылдары балдарды мектепке кабыл алууда коррупциялык аракеттер күч алганы боюнча коомчулукта көп нааразычылыктар айтылып келет. Бөбөктөрдү мектепке киргизүүдө электрондук каттоо тартибин пайдалануунун башкы максаты  терс көрүнүштөрдү жоюу жана билим берүү жаатында балдарга жакшы шарт түзүү.