1 миллион сом кайсы калемгерге буюрат? (видео)

979

Маданият министрлиги элди театрга кызыктыруунун жолун издөөдө. Мекеме азыркы замандын чындыгын сүрөттөгөн драмалык чыгармаларга сынак жарыялады. Пьесаларды кабыл алуу ушул жылдын ноябрь айына чейин уланат. Байге 1 миллион сомду түзөт. Элдин маданият жайларга кызыкпай жатканынын себеби заманбап менеджменттин жетишсиздиги, дейт министр Султан Жумагулов. Учурда театрлардын репертуарынын дээрлик 80 пайызы тарыхый чыгармалардан түзүлгөн.