1 млдрд доллардан ашуун кредитти кимдер сыртка чыгарып кеткен? (видео)

4349

Аскар Акаевдин тушунда 1 миллиард доллардан ашуун кредитти коррупциялык схема аркылуу сыртка чыгарып кетүүгө кайсы жетекчилердин тиешеси болгон? УКМК берген маалыматка таянсак, бул 1993төн 2002-жылга чейинки убакытка барып такалат. Анда бир катар жооптуу кызматта турган адамдар чет өлкөлүк банктар менен сүйлөшүп алып, сырттан келген насыяны кымырып алганы аныкталган.

Азырынча алардын аттары ачык айтыла элек. Бирок ошол 10 жылдыкта 7 премьер-министр алмашса, финансы министрлигин 8 адам жетектегенге үлгүргөн. Өлкө казынасынан төлөнгөн кредиттер кайсы компаниялардын атына алынган?