1 млн 300 миң адам акысыз эмдөөдөн өтөт (видео)

1038

Пандемиянын экинчи жылы оор болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар программасынын директору Майкл Райан билдирип чыкты. Буга коронавирустун жаңы штаммдарынын чыгышы негизги себеп болууда. Кыргызстандын дарыгерлерин коронавирустун «Британ» штаммын алган агресивдүү жаңы түрү өтө кооптондурууда.

Себеби учурда дүйнөнүн 41 өлкөсүнө тарап жаткан жаңы типтеги мутацияланган вирус Кыргызстанга да жетет дешүүдө. Ал арада чет мамлекеттен келе турган вакцинаны сактоонун айласы табылбай жатат. Аларды алып келели дешсе тиешелүү муздаткычтар жок экен.