1 сутка бою дайынсыз болуп жаткан 5 жашар бала аман-эсен табылды

1696

Окуя Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылда катталып, беш жаштагы Эрлан аттуу бала 3-апрель күнү саат 17:00 чамасында жоголгону белгилүү болгон. Жакындарынын өз алдынча издөө аракетинен майнап чыккан эмес.

Жыйынтыгында баланы 22 куткаруучу, 80 милиция кызматкери жана 150гө чукул айыл тургундары издешкен. Бир күндөн кийин гана бала айылдан 4 чакырым алыстыкта тоо тараптан табылган.

Дарыгерлер баланы карап чыгып, үшүп калганы эле болбосо, анын ден соолугуна кооптонууга негиз жок экенин айтышты.